Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/4
Кош-Дөбө айыл аймагындагы турган Ак-Терек каналы үчүн келген трубаларды тактап чыгуу жөнүндө
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаты Дүйшөналы уулу Жеңиштин киргизген сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы турган Ак-Терек каналы үчүн келген трубаларды тактап чыгуу үчүн айыл өкмөттөн, депутаттардан жана коомчулуктан комиссия түзүлсүн
2. Комиссия түзүп жана тактоо жагы айыл өкмөттун башчысы А.Тыныбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|