Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/5
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүндө ижарага, көрктөндүрүүгө берилген жерлерди тактап чыгуу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүндө ижарага, көрктөндүрүүгө берилген жерлердин мыйзамдуулугун тактап чыгуу жөнүндө сунушту Т.Мавлянов атындагы
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүндө жайыт болгон жерлерди башка нерсеге пайдаланууга берилген жерлердин мыйзамдуулугун кимге, качан берилгенин так аныктап чыгуу үчүн комиссия түзүлсүн.
2. Комиссия түзүп жана так аныктап чыгып, айылдык Кеңештин жер, айыл чарбасы комиссиясына берүү жагы айыл өкмөттун башчысы А.Тыныбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|