Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/6
СПАнын алты ай ичинде аткарган иш абалы маалыматы жөнүндө.
СПАнын башчысы С.Кулманбетовдун алты ай ичинде аткарган иш абалы боюнча маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. СПАнын башчысы С.Кулманбетовдун маалыматы эске алынсын.
2. СПАнын төгүлүүчү карызын белгиленген график боюнча төгүлүүсүн камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы А Тыныбековко милдеттендирилсин.
3. СПАдагы берилип жаткан сугат сууга квитанциялар аркылуу берилүүсүн камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы С.Кулманбетовго жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|