Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/7
Иринжит электр тармагынын калкты электр энергиясы менен камсыздоо жана кышка карата даярдыктары жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүндөгү РЭСтин устаты С.Амиракуловдун Иринжит электр тармагынын калкты электр энергиясы менен камсыздоо жана кышка карата даярдыктар боюнча маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. РЭСтин Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү устаты С.Амиракуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Калкты электр энергиясы менен камсыздоо жана кышка карата даярдыктар көрүлүп, айыл арасындагы эски мамыларды жаңылоо, трансформаторлордун айланасын курчолоо жана эл.счетчиктер менен камсыз кылуу жагы РЭСтин Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү устаты С.Амиракуловко жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|