Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/8
Жаңак айылынын тургуну, маркум К.Момошовдун ысмын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Жаңак айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну маркум К.Момошовдун ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңак айылындагы Айтмырзаев Акмырзанын үйүнөн баштап Максытов Жаныбектин үйүнө чейинки көчө Момошов Керимбек атындагы көчө деп аталсын.
2. Момошов Керимбек атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум К.Момошовдун бир-туугандарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|