Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/9
Т.Мавлянов атындагы Кош-Добо Айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджеттин бекитилген статьяларды башка статьяга которуу жана статьялардагы үнөмдөлгөн акча каражатын башка статьяга өткөрүү жөнүндөгү сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 3112 статьядан сатып алуулар учун каралган 150 000 (бир жуз элуу мин) сом акча каражатын, ушул статьядан насос сатып алуудан үнөмдөлгөн 92 000 (токсон эки мин) сом жана 2221 текущий ремонт статьясындагы 127 000 (бир жуз жыйырма жети мин) сом акча каражаттарын 3111 статьясына которуп берилсин. .
2. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджеттин бекитилген статьяларды башка статьяга которуу жана статьялардагы үнөмдөлгөн акча каражатын башка статьяга өткөрүү жагы Кош-Добо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Шамырзаевага жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Тыныбековго жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|