Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/10
Чие айылындагы балдар бакчасы жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чие айылындагы балдар бакчасы боюнча маселени Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Чие айылындагы Амиракулов Станалынын жеке менчигиндеги турак жайы Чие балдар бакчасы бала бакчага багытын өзгөртүү үчүн берилген Аксы районунун башкы архитекторунун алдындагы Архитектуралык- шаар куруу кеңешинин отурумунун 05-июнь 2017-жылдагы №12/17 протоколунда көрсөтүлгөн иштерди аткарып, арендага берүү жагы сунушталсын.
2. Долбоор боюнча көрсөтүлгөн иштерди аткаруу жагы Чие айылындагы Амиракулов Станалыга сунушталсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Тыныбековго жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|