Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы №1/3
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаеванын берген маалыматын угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин долбоору бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн кошумча булактарды таап көбөйтүү жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаевага жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|