Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы №1/4
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн суу прайдалануучулар ассосациясынын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассосациясынын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жургузгон иштери жана сугат суу менен камсыз кылуу жонүндөгү суу пайдалануучулар ассосациясынын төрагасы С.Кулманбетовдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассосациясынын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү суу пайдалануучулар ассосациясынын төрагасы С.Кулманбетовдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Сугат суу менен 2017-жылы камсыз кылууда XXII партсъезд каналынын кооптуу участкаларын оңдоп дыйкандарды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу жагы райондук суу чарба башкармалыгынын Кош-Дөбө участкасынын башчысы А.Мамыровко жана СПАнын төрагасы С.Кулманбетовго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. XXII партсъезд каналынын 107 метр аралыктагы кооптуу жерин тез арада ремонтоо зарыл болгондуктан Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына билдирүү жөнөтүү жагы Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы З.Аймаматовдон суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Тыныбековко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|