Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы №1/6
Көчөлөргө жана Семет айылындагы балдар бакчасына ат коюу жөнүндө.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комитеттеринде талкууга салынып келген арыздар,билдируулөрду угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Семет айылынын тургундарынын Семет айылындагы жаңы курулган балдар бакчасына ат коюу боюнча сунушу кайрадан карап чыгуу жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2. Атана айылындагы эски тегирмендин алдындагы,Осмонбеков Ырысбектин үйүнөн Осмонбеков Канаттын үйүнө чейинки көчө “Эргешбаев Жолой багбан” атындагы көчө деп аталсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук , жер жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|