Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2017-жылдын 28-февралы № 1/7
“Кары картаңдарды колдоо” долбоору жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтундөгү “Кары картаңдарды колдоо” долбоору жөнүндөгү Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн соц адиси Т.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылышынын I кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө Жалал-Абад СКСтин колдоосу менен “Кары-картаңдарды колдоо” долбоорун ишке ашыруу жана колдоо максатында айыл окмөттүн бюджетинин эсебинен 100000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор айылдык Кеңеш тарабынан жактырылсын жана айыл өкмөт тарабынан берилүүчү акча каражаттарын өз убагында каржылоо жагы, долбоордун натыйжалуу аткарылуусу үчүн тиешелүү адистерден комиссия курамын түзүп, критерийлерин иштеп чыгуу өкмөт башчысы А.Тыныбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл окмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|