Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы №1/8
Кайрымдуулук максатында материалдык жардам беруу жөнүндө.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комитеттеринде талкууга салынып келген арыздар,билдируулөрду угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Атана айылынын тургуну Асанов Жыргалбек Жумабаевичке материалдык жардам иретинде 10000 (он миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл окмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|