Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы №1/10
Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жонүндө” 31.12.2014-жылдын №175 сандуу мыйзамын ишке ашыруу максатында бодо малдарды идентификациядан өткөрүү үчүн тарифтик баасын коюу үчүн токтом кабыл алуу жөнүндө
Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы К.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылышынын I кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. -Бир бодо малды идентификациялоо үчүн кулакка тагуучу биркага жана ветеринардык адистин айлык акысы үчүн 70 (жетимиш ) сом; өлчөмүндө мал ээсинен алынсын.
-Бир баш бодо малга жана жылкыга 50 (элүү) сом;
-Бир баш майда жандыкка 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө мал ээсинен алынсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|