Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы №1/13
Комиссия түзүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагында мыйзамсыз жер участогун жылдырып, электр мамыларды, суу ага турган арыктарды кошуп тосуп алган атуулдар боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Курбанбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылышынын I кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы мыйзамсыз жер участокторун жылдырып электр мамыларды, суу ага турган арыктарды кошуп тосуп алган жерлерди аныктап, атайын комиссиянын курамын түзүп тиешелүү органдарга кайрылуу жагы айылдык Кеңештин жер комиссиясыны жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Тыныбековко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|