Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 2/1
Табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча: Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тыныбековдун жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Н.Джороеванын маалыматтары жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тыныбековдун жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Н.Джороеванын маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тыныбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Н.Джороевага милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Тыныбековко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|