Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели №2/7
Семет айылындагы көчөгө ысым коюуу жөнүндө.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комитеттеринде талкууга салынып келген арызды Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Семет айылындагы Райымбеков Эркиндин үйүнөн Тойчубеков Мараттын үйүнө чейинки аралык “Тойчубеков Мырзатай” атындагы көчө деп аталсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|