Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну №3/4
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн №271 28.06.2017-жылдагы каты боюнча
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун 2017-жылдын 9-июнунда болуп өткөн жалпы жыйынында 2017-2020-жылдарга Програмасын ишке ашыруу үчүн мүчөлук төлөмдөр Союздун уставында көрсөтүлгөндөй бир жылга бир жаранга 1-сомдон төлөө чечимин Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун 2017-2020-жылдарга Программасын ишке ашыруу үчүн мүчөлук төлөмдөр Союздун уставын мыйзамдуулук комиссиясы карап чыгып кийинки сессияга сунушталсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Тыныбековко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|