Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июлу №4/3
Кош-Дөбө айыл аймагындагы көчөлөргө чыгып кеткен дарактардын шактары жана электр зымдарына тийген дарактарды кыркуу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагындагы көчөлөргө чыгып кеткен дарактардын шактары жана электр зымдарына тийген дарактарды кыркуу жөнүндөгү маселени Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы көчөлөргө чыгып кеткен дарактардын шактары жана электр зымдарына тийген дарактарды санитардык кыркуу иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү органдар менен макулдашып бир ай мөөнөттө дарактарды кыркууга жана айыл аймактагы тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Абдыкаадыровго милдеттендирилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|