Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-августу №5/1
Чек ара боюнча болгон маселени карап чыгуу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагындагы Атана айылындагы Сызык-Добо участкасындагы чек ара тилкесинин жанындагы 3,07 гектар бак болгон жерди Өзбекстан сурап жаткан сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы Атана айылында жайгашкан Сызык-Добо участкасындагы чек ара тилкесинин жанындагы элдин улушу болгон бак томонку атуулдарга тийиш болгон 1,94га 1,13га айыл өкмөттүн багы жалпы 3,07га жер аянтын Өзбекстан Республикасынын башка жерге алмаштыруу сунушуна макул эместиги билдирилсин.
2. Өзбекстан Республикасынын Торук айылында 2010-жылга чейин жашап келген Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган 22 кожолуктун 4,60га там арка жер аянттарынын ордуна башка жерден компенсациялоо сунушун киргизүү тиешелүү органдардан суралсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|