Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры №6/1
Чие балдар бакчасы жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын Чие балдар бакчасынын201-жылдагы арендасын төлөө жана сатып алуу маселесин угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чие балдар бакчасынын 2017-жылдагы 1-айга 5000 (беш миң) сомдон 1-жылга 60000 (алтымыш миң) сом арендасын менчик үйдүн ээсине төлөнүп берилсин.
2. 2018-жылдан 2022-жылга чейин Чие балдар бакчасына ынгайлаштырып иштетип келе жаткан менчик үйдү сатып алуу үчүн айыл Өкмөт менен менчик үйдүн ээсинин ортосунда 2017-жылдын 15-сентябрында түзүлгөн келишим жактырылсын жана келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана 2200 000(эки млн эки жүз миң) сомго сатып алынсын
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Тыныбековго жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|