Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры № 6/2
Семет айылынын тургуну, маркум Бабатаев Бапалынын ысымын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Семет айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну маркум Б.Бабатаевдин ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Семет айылындагы Ботобаева Зейнегүлдүн үйүнөн баштап Мадияров Байкозунун үйүнө чейинки көчө Бабатаев Бапалынын атындагы көчө деп аталсын.
2. Бабатаев Бапалынын атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум Б.Бабатаевдин балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|