Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры №6/3
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө кошкон салымдары бар атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү боюнча
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө кошкон салымдары бар атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө кошкон салымдары бар атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү сунушту мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына карап чыгуусу кийинки кезектеги сессияга калтырылсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевге жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|