Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры №6/4
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №7 Ш.Тойматов атындагы орто мектебине 2018-жылга үлүштүк гранттын эсебинен курула турган актовой зал куруу максатында
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №7 Ш.Тойматов атындагы орто мектебине 2018-жылга үлүштүк гранттын эсебинен курула турган актовой зал куруу үчүн экономика жана бюджет комитетинин билдируусун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №7 Ш.Тойматов атындагы орто мектебине 2018-жылда үлүштүк гранттын эсебинен курула турган актовой залга курууга 165048 (бир жүз алтымыш беш миң кырк сегиз) сом акча каражаты өздүк салым катары 2018-жылдын бюджетинен 3111-статьясынын негизинде бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Тыныбековго жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|