Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры № 6/5
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн кирешенин жылдык планынан ашыкча түшкөн, тендерлердин жана үнөмдүү пайдаланган элементтердин эсебинен үнөмдөлгөн акча каражаттары планга кошуу жана бир элементтен элементке жылдыруу максатында
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн кирешенин жылдык планынан ашыкча түшкөн 494400 (төрт жүз токсон төрт миң төрт жүз) сом, тендерлердин эсебинен жана үнөмдүү пайдаланган элементтерден (байланыш кызматы, электр энергия, сапар чыгымы) үнөмдөлгөн 491394 (төрт жүз токсон бир миң үч жүз токсон төрт) сом акча каражаттары планга кошуу жана бир элементтен элементке жылдыруу учун экономика жана бюджет комитетинин билдируусун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн кирешенин жылдык планынан ашыкча түшкөн 494400 (төрт жүз токсон төрт миң төрт жүз) сом, тендерлердин эсебинен жана үнөмдүү пайдаланган элементтерден (байланыш кызматы, электр энергия, сапар чыгымы) үнөмдөлгөн 491394 (төрт жүз токсон бир миң үч жүз токсон төрт) сом акча каражаттары планга кошуу жана бир элементтен элементке жылдырылып берилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет комитетинин төрагасы Э.Раманкуловго жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|