Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 1/1
Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү дыйкан базарынын башчысы А.Кушубаковдун базардын калк кызматына талаптагыдай шарттарын түзүүнүн үстүндөгү жумуштары жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү дыйкан базарынын башчысы А.Кушубаковдун базардын калк кызматына талаптагыдай шарттарын түзүүнүн үстүндөгү жумуштары боюнча берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү дыйкан базарынын башчысы А.Кушубаковдун базардын калк кызматына талаптагыдай шарттарын түзүүнүн үстүндөгү жумуштары боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү дыйкан базарындагы айрым кемчилдиктерди жоюу жагы дыйкан базарынын башчысы А.Кушубаковко жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Абдыкааровго жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|