Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы №1/7
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн атуулдарына өзүнүн айылдагы көчөлөргө ысымын берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүп өсүшүнө салым кошкон атуулдардын өзүнүн айылындагыкөчөлөргө ысымын берүү жөнүндө Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Атана айылындагы Арстан Курбан көчөсүнөн карап өткөн (базардын түндүк тарабы) жолго эмгектин ардагери коомдук ишмер Рахманжан Халиловдун ысымы берилсин.
2. Улук айылынын жашоочусу Калматов Акматбектин 1100м аралык же 38 түтүн Жороев Токонго чейин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмгектин ардагери Аманбаев Таштемирдин ысымы берилсин.
3. Торук айылындагы жаңы конуштун жашоочусу Жороев Дөөлөттүн үйүнөн 40 түтун Жумабаев Урматка чейин эмгек ардагери маркум Аманбаев Тажимырзанын ысымы берилсин.
4. Торук айылындагы жаңы конуштун жашоочусу Бакалова Дамиранын үйүнөн 900м Төрөбеков Мелистин үйүнө чейин эмгек ардагери маркум Алимов Ормондун ысымы берилсин.
5. Жаңак айылынын тургуну Тыныбеков Мырзабектин үйүнөн Талканбаев Медеттин үйүнө чейин эмгек ардагери маркум Орункулов Максыттын ысымы берилсин.
6. Жогорудагы өзүнүн айылындагы көчөлөргө ысымы берилген атуулдардын атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркумдардын балдарына милдеттендирилсин.
7. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|