Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы №1/8
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндөгү кеңештин төрагасынын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бекитилген иш-пландын негизинде иш алып баруу жагы Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин төрагасына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|