Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2/1
Талаачылык иштердин жүрүшү жана эгиндерди жыйноо жөңүндө
Талаачылык иштердин жүрүшү жана эгиндерди жыйноо боюнча айыл өкмөттүн жер адиси К.Курбанбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талаачылык иштердин жүрүшү жана жгиндерди жыйноо боюнча айыл өкмөттүн жер адиси К.Курбанбековдун берген маалыматы эске алынсынн.
2. Талаачылык иштердин өз убагында жүрүшү жана элдин эккен эгиндерин жыйноодо ар тараптуу колдоо жана техникалар менен камсыз кылууда жардам берүү жагы айыл өкмөттун жер адиси К.Курбанбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|