Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2/2
Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана малдарды эмдөө жөнүндө
Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана малдарды эмдөө боюнча вет.адис А.Карабаевдин берген маалыматын маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана малдарды эмдөө боюнча вет.адис А.Карабаевдин берген маалыматы эске алынсын.
2. Ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында жана малдарды эмдөө үчүн жеткиликтүү вакциналарды алып келүү жагы айыл өкмөттун вет.адиси А.Карабаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|