Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2/4
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2018-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө
2018-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча жана бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2018-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнундөгү айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кирешелерди жана чыгашаларды өз убагында аткаруу жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|