Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2/6
2017-жылдын бюджетинен калган калдык акча каражатын бекитип берүү жөнүндө.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы бюджет жана экономика туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылдын бюджетинен калган 1778176 (бир миллион жети жүз жетимиш сегиз миң бир жүз жетимиш алты) сом калдык акча каражаты төмөндөгү тиркемеге ылайык бикитилсин.
2. Бекитип берилген акча каражатын максаттуу аткаруу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|