Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2/9
Участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу, жаңы курамдагы ар бир шайлоо участкасына талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу, жаңы курамдагы ар бир шайлоо участкасына талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын торагасы Ч.Кадыркуловдун сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн №2344 Семет шайлоо участкасынын, №2345 Кош-Дөбө шайлоо участкасынын, №2372 Торук шайлоо участкасынын, №2346 Улук шайлоо участкасынын, №2373 Мундуз шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын курамдык резерви тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүп берүү жагы суралсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|