Загрузка документа…
(Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-августундагы № 7/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2/11
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн борбордук спорт аянтчасынан мини футболдук аянтча куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн борбордук спорт аянтчасынан мини футболдук аянтча куруу үчүн же ажыратып берүү боюнча жер жана жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн борбордук спорт аянтчасынан мини футболдук аянтча куруу үчүн керектүү жер бөлүгү ажыратылып берилсин.
2. Мини футболдук аянтча куруу үчүн керектүү жер бөлүгүн ажыратып берүү айыл өкмөттүн жер адиси К.Курбанбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|