Загрузка документа…
Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-августундагы № 6/1 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №2/12
Сары-Кашка айылынын тургуну, эмгек ардагери, маркум Абдиева Курбанжандын ысымын Сары-Кашка айылындагы жаңы курулган ФАПна берүү жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Сары-Кашка айылынын ФАПна эмгек ардагери, маркум К.Абдиеванын ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.ормонкулованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Кашка айылындагы жаңы курулган ФАПна эмгектин ардагери маркум К.Абдиева атындагы ФАП деп аталсын.
2. К.Абдиева атындагы ФАПка керектүү көрнөк жарнактарды ортотуп иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|