Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №3/6б
Көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 26.10. №9 чечими жөнүндө
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын №9 чечиминин негизинде Жумабаев Айтмырзанын ысымы Атана айылындагы Айтмырзаев Эрматтын үйүнөн Осмонбеков Канаттын үйүнө чейин ыйгарылсын.
2. Аты коюлган инсандардын көчөсүндөгү үйлөргө катар номерлерди дарядап илүү жагы демилгелүү топко жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|