Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №3/10
Айыл аймактагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктуралык абалын жакшыртуу жөнүндө
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Үлүштүк (дем берүүчү) грант аркылуу Семет айылындагы №22 С.Тыныбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун (МЧББУ) имаратынын чатырын алмаштыруу, кошумча имарат салуу (ашкана, көмүркана, кир жуучу жай ж.б) тосмолоо иштерин аткаруу сунушталсын.
2. Сунушталып жаткан Семет айылындагы №22 С.Тыныбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун (МББУ) Үлүштүк (дем берүүчү) грант аркылуу имаратынын чатырын алмаштыруу, кошумча имарат салуу (ашкана, көмүркана, кир жуучу жай ж.б) тосмолоо иштерин аткаруу долбооруна өздүк салым катары айыл өкмөттүн бюджетинен 224000 (эки жүз жыйырма төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|