Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-февралы № 1/1
Кош-Дөбө айыл аймагынын жашоочуларынын “Бозбу-Ата” жана “Кызыл-Алма” таза суу үчүн чогулткан депозиттеги акча каражаттары боюнча ликвидациялык комиссиянын төрагасы Ү.Нарчаевдин билдирүүсү жөнүндө
Ликвидациялык комиссиянын төрагасы Ү.Нарчаевдин билдирүүсү боюнча мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Мавляновдун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө МТС ачуу максатында “Мундуз А” жана “Кызыл-Алма” таза суу проектисинин акча каражаттарын “Бай түшүм”, “РСК банкдагы” жана “Финка” банктарындагы депозитте турган акча каражаттарын карап чыгып “Айыл банкка” депозитке которуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушун угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Мавляновдун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө МТС ачуу максатында “Бай түшүм”, “РСК банкдагы” жана “Финка” банктарындагы депозитте турган акча каражаттарын карап чыгып “Айыл банкка” депозитке которуу максатында төмөндөгүдөй курамда депутаттык комиссия түзүлсүн:
М.Айтмырзаев-Т.Мавлянов атындагы жергиликтүү
кеңешинин төрагасынын орун басары- комиссиянын
төрагасы
Мүчөлөрү:
1.Э.Раманкулов- комиссиянын мүчөсү
2.И.Ормонкулова- комиссиянын мүчөсү
3.К.Суеркулов- комиссиянын мүчөсү
4.С.Чоюбеков- комиссиянын мүчөсү
5.Р.Аманбаев- “Кызыл-Алма” таза суунун төрагасы
комиссиянын мүчөсү
6.Ү.Нарчаев- “Бозбу-Ата” таза суунун төрагасы
комиссиянын мүчөсү
2. Түзүлгөн комиссиянын жана ликвидациялык комиссиянын чечимдерине негиз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|