Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы №2/5
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылы аткарган иштери жана 2018-жылга бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылы аткарган иштери жана 2018-жылга бюджетин бекитүү боюнча айыл өкмөттүн ЖПБнын төрагасы К.Жолдошевдин берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылы аткарган иштери жөнүндөгү ЖПБнын төрагасы К.Жолдошевдин берген маалыматы эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бюджети 462390 (төрт жүз алтымыш эки миң үч жүз токсон) сомго жана иш планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет). Анын ичинен 41000 (кырк бир миң) сом жайыт салыгына, 421390 (төрт жүз жыйырма бир миң үч жүз токсон) сом жайыт ижарасына чогултуп төгүү жагы ЖПБнын төрагасы К.Жолдошевге жүктөлсүн.
3. Жакынкы жана алыскы жайыттарга ЖПБнын иш-чарасына ылайык жайыт пайдалануучуларга шарттарды түзүү боюнча иш алып баруу жагы ЖПБнын төрагасы К.Жолдошевге жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshbobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|