Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 28-февралы № 2/7
Атана айылынын тургуну, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери маркум Примкулов Абдыкадырдын ысымын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Атана айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери маркум А.Примкуловдун ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Атана айылындагы Орозов Мурабдиланын үйүнөн баштап А.Дүйшеев атындагы көчөнү кесип өтүп Чоюбеков Нурисландын үйүнө чейинки көчө Примкулов Абдыкадыр атындагы көчө деп аталсын.
2. Примкулов Абдыкадыр атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум А.Примкуловдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|