Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 2/8
Жайлоого жана кыштоого көчүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын Жайлоого көчүп чыккан чабандарга койлордун башына чек коюу жана жайлоогокөчүп кетүү, жайлоодон көчүп келүү сунушун угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Добө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайлоого көчүп чыккан чабандар 500 (беш жүз) баш койдон ашырбасын, 15-мартынан баштап жайыттарга көчүп кетип, 15-сентябрдан баштап кыштоолорго көчүп келишсин.
2. Чабандарга эмгек акысы ар бир койдун башына 70 (жетимиш) сомдон ашырылбасын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы К.Жолдошевге жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|