Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 2/9
Үлүш жерлерди кароо боюнча кароолдор жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын айылдардагы элдердин үлүш жерлерин кароо боюнча караулдарды дайындоо жана айылдарга камаккана куруу жөнүндө сунушун угуп жана таклуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдардагы элдердин үлүш жерлерин кароо боюнча караулдар дайындалсын жана керектүү айылдарга мал камоочу камаккана курулсун.
2. Эгинге түшкөн малдын айып акча каражатын КР мыйзамдарынын негизинде айыл өкмөттүн кассасына төгүлсүн, зыян кетирген эгинди төлөп берүү эгинге түшкөн малдын ээсине жүкөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|