Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 2/14
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын киреше бөлүгүнүн 2018-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын киреше бөлүгүнүн 2018-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаеванын берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын киреше бөлүгүнөн 2018-жылга калган 1778,2 (бир миллион жети жүз жетимиш сегиз миң эки жүз) сом калдык акча каражаты айыл өкмөттүн аймагындагы төмөндөгүдөй муктаждыктарга карата бөлүштүрүлсүн:
Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү- 200,0 (эки жүз миң) сом,
ст. 2212 Раздел 70111.Телефондук байланыш жана интернетке- 40,0 (кырк миң) сом,
ст. 2222 Раздел 70111.Конц. товар алуу- 40,0 (кырк миң) сом,
ст. 3112 Раздел 70111.Кызматтык авто унаа сатып алуу- 420,0 (төрт жүз жыйырма миң) сом,
ст. 3112 Раздел 70111. Айыл өкмөттүн админстрациялык канторасына компьютер жана эмеректер - 250,0 (эки жүз элүү миң) сом,
ст. 2221 Раздел 70921. Т.Мавлянов жана Ш.Тойматов атындагы орто мектептердин от казандарын кышка дардап оңдоого -70,0 (жетимиш мин ) сом,
ст. 2222 Раздел 70921. Т.Мавлянов жана Ш.Тойматов атындагы орто мектептердин жылытуу системаларын түзөтүү -80,0 (сексен мин ) сом,
ст. 3111 Раздел 70911. “Чие”жана С.Тыныбекова атындагы “Айкөл” мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы гигеналарын жана коопсуздуктарын сактоо үчүн ажаатканаларын куруу- 460,0 (төрт жүз алтымыш миң) сом,
ст. 2222 Раздел 70911. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы өрт коопсуздуктарын сактоо үчүн огнотушель менен камсыздоо – 33,2 (отуз үч миң эки жүз) сом,
Жалпысы: 1778,2 (бир миллион жети жүз жетимиш сегиз миң эки жүз) сом жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана каржы”маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|