Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 3/1
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бозбу тоосунун түштүк батыш тарабындагы мраморлошкон кара акиташ продукциясын иштетүү үчүн ОсОО “Нур-Сай Груп”ЖЧКсынын кайрылуусу жөнүндө.
ОсОО “Нур-Сай Груп” ЖЧКсынын кайрылуусу жана Айыл чарба жана жер комиссиясынын төрагасы С.Анарбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бозбу тоосунун түштүк батыш тарабындагы мраморлошкон кара акиташ продукциясын иштетүү үчүн ОсОО “Нур-Сай Груп”ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде иш жүргүзүүсү, Улук жана Торук айылдарында коомдук угууларды уюштуруп өткөрүүдөн кийин сессияга сунуштоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба жана жер комиссиясына жүктөлсүн
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|