Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 3/2
Уруксаты жок жерден топурак, шагыл алып жаткандарга айып пул салуу жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновдун уруксаты жок жерлерден топурак шагыл алып жаткандарга айып пул салуу сунушун угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу жерлерден уруксаты жок топурак, шагыл алып жаткандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айып пул салынсын.
2. Топурак жана шагыл алуучу жерлерди аныктап тактап берүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер адиси К.Курбанбековго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба жана жер комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|