Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 3/5
Бозбу-Ата ветсервисине айыл чарба малдарын асылдандыруу жөнүндө.
Бозбу-Ата ветсервисине айыл чарба малдарын асылдандыруу боюнча Атана айылынын тургуну Абдыкадыров Жанарбектин кайрылуусун жана сунушун угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бозбу-Ата ветсервисине айыл чарба малдарын асылдандыруу максатында аталган ветсервиске азот, урук, гармональный препараттарды алуу үчүн 15000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|