Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 3/6
Кош-Дөбө айыл аймагынын башкы кароолчусу С.Кулманбетовдун кайрылуусу жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл аймагынын башкы кароолчусу С.Кулманбетовдун кайрылуусун жана сунушун угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын башкы кароолчусу С.Кулманбетовдун кайрылуусундагы Чер жайлоосундагы кароолкананы реабилтациялоого жана Таш-Жар айылына кароолкана куруу максатында 100000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет жана экономика ТКна жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|