Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 3/7
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн канторасына кабельный интернет киргизүү максатында элементтен элементке акча каражатын жылдыруу жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновдун канторага кабельный интернет киргизүү максатында элементтен элементке акча каражатын жылдыруу сунушун угуп жана талкуулап Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн канторасына кабельный интернет киргизүү максатында келишимдин ылайык 33 000 (отуз үч миң) сом акча каражатын элементтен элементке 2215-статьясынан 2212-статьясына жылдырылып берилсин
2. Бөлүнгөн акча каражатын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет жана экономика ТКна жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|