Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрели № 4/1
Кош-Дөбө айыл аймагынна караштуу Жаңгак айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңгак айылынын туцргундарынын Мечит салууга жер аянтын бекитип берүү үчүн кайрылуусу боюнча жер жана жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясынынмаалыматын жана сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак айылынын тургуну Шербекова Асылкандын Жаңгак айылындагы 3-03-04-1003-0446 коду менен катталган 0.10га жер аянты айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынна караштуу Жаңгак айылына Мечит салууга жер аянты бетитилип берилсин жана жерге жайгаштыруу боюнча иш кагаздарын ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновко жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|