Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-майы № 1/1
Кош-Дөбө (Т.Мавлянов) айыл аймагындагы айылдардагы элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Кош-Дөбө (Т.Мавлянов) айыл аймагындагы айылдардагы элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында ЕБРР тарабынан каржылануучу долбоор боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде угуп жана талкуулап, Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө (Т.Мавлянов) айыл аймагындагы айылдардагы элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында ЕБРР тарабынан каржылануучу долбоору колдоого алынсын.
2. Жогорудагы долбоор чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысына макулдук берилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевге жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|