Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-майы №1/5
“Кош-Дөбө айыл аймагынын иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндо”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер Фондусунун инвентаризациялоонун жөнүндөгү” №144 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министирлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгын кароо боюнча күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер Фондусунун инвентаризациялоонун жөнүндөгү” №144 токтомунун негизинде Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Кош-Дөбө айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.
2. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Кош-Дөбө айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|